Чаккон » Кыргызские новинки » Мээрим Карыпова - Бул дүйнө
Мээрим Карыпова - Бул дүйнө
Слушать
Скачать

Мээрим Карыпова
Бул дүйнө

!
  • Время размещено на сайте: 5-10-2020, 10:37
  • Качество песни: 224 kbps
  • Размер песни: 6,91 MB
  • Длительность песни: 4:18
  • Сколько скачать? 271
На странице сайта Chaqqon.Net вы можете послушать песню известного исполнителя Мээрим Карыпова "Бул дүйнө" в режиме онлайн со своего телефона, ноутбука или компьютера в высоком качестве 224 kbp/s.

Текст песни
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген
Тагдыр жолу - татаал жол бирөөлөргө кепкенен
А бирөөнүн азап менен арман-муңун чектеген
Туңгуюкка кептеген

Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай
Кара жанды кыйнамай

Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар
Адамзаттын ушулар убалына калчулар
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар
Акыр заман салчулар

Өткөн өмүр – учкан куш канаттары дирилдеп
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет
Жашоо канча ким билет

Жашоо – деңиз чалкыган жарашыгы саймадан
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп барат байма-бай
Биз – кемечи калкыган турмуш аккан дайрадай
Орду менен сүзөлү оң-тетири айдабай
Бактыбызды байлабай

Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң
Качырганда билерсиң

Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң
Шумкар болуп сызасың жылан болуп сойлойсуң
Миң бир сырлуу бул өмүргө миң жашасаң тойбойсуң
Жүз жашасаң тойбойсуң 
            

Комментарии (0)
Добавить
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив