Мейли атак мейли байлык жыйбасам
Мен өзүң деп дүйнө кезип ыр жазам
Мелмилдеген дайра деңиз суу кечип
Мелмелжиген далай далай кырды ашам
Сени сүйүп сен деп күйүп ыр жазам
Сергектенем сен жөнүндө ырдасам
Сезимдерге тынчтык бербейт жүрөгүм
Сени көрүп сени карап турбасам
Кагылайын каражаным кайда жүрдүң мурдатан
Менден катып жамалыңды бурбасаң
Мен сендикмин кайдигерлик кылбасаң
Мерез болбо кеч болсо да жолуктук
Мени ая ак сүйүүңдү сыйласаң
Жагалданып жалбарганым кыйбасаң
Жан дүйнөмө кантем анан сыйбасаң
Жаралгандай бир өзүңдөн бүт аалам
Жалгыз сага жүрөктөгү сырды ачам