Бакыттын багын аралап
Жүрөктөрдө сезим жаралат
Кубаныч коштоп өмүрүңдү
Ашыктык бакытты бере алат
Калкып учкан сымал асманда бийик
Кыялымды сууруп
Керемет го чындыгында
Бир өмүр жүрсөң сүйүп
Ашык болуу ашык болуу
Жашоону оро жалын-нурга
Ашык болуу жашып коюу
Сүйгөнүңө жолугууга
Сен баалай бил
Сен арнай бил сезим жандаганда
Ашып болуу ачып берүү жүрөгүңдү бир адамга
Ашык болуу деген сыйкыр сезим эгер билсең
Канат байлап алып учат куса болуп жүрсөң
Жалгыздыкта калган кезде жүрөк сыздап турат
Сагындырат жалындырат
Убагында сездим ашыктыктын даамын
Сезим келер менен мага унуттум го баарын
Махабаттын өзүн бакыт десем
Ашык болуп жүрүү өзү бакыт экен