Сүйүүдөн тапкан белегим
Сүйөнөр тоом жөлөгүм
Нур болуп кирдиң сен үйүмө
Көксөгөн үмүт-тилегим
Жыпарым жыттуум шириним
Күн болуп көктөн төгүлдүң
Арчадан болду бешигиң
Арчадай болсун өмүрүң
Шылдырап аккан булагым
Жаныма эрмек ынагым
Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп
Сагынып гана турамын
Жыпарым жыттуум шириним
Күн болуп көктөн төгүлдүң
Арчадан болду бешигиң
Арчадай болсун өмүрүң
Каткырсаң балкып кетемин
Асманга учуп жетемин
Булуттай болгон жүрөгүм
Садагаң болуп кетейин
Жыпарым жыттуум шириним
Күн болуп көктөн төгүлдүң
Арчадан болду бешигиң
Арчадай болсун өмүрүң