Чаккон » Кыргызские новинки » Нурмат Садыров - Торгоюм
Нурмат Садыров - Торгоюм
Слушать
Скачать

Нурмат Садыров
Торгоюм

!
  • Время размещено на сайте: 2-11-2020, 23:54
  • Качество песни: 128 kbps
  • Размер песни: 3,51 MB
  • Длительность песни: 3:50
  • Сколько скачать? 331
На странице сайта Chaqqon.Net вы можете послушать песню известного исполнителя Нурмат Садыров "Торгоюм" в режиме онлайн со своего телефона, ноутбука или компьютера в высоком качестве 128 kbp/s.

Текст песни
Сенсиң менин торгоюм
Суук көздөн коргоюн
Ысыгыңа жылытчы
Суугуңа тоңбоюн

Сенсиң менин торгоюм
Суук көздөн коргоюн
Ашык болдум жалындап
Калпы болсо оңбоюн
Сенсиң менин торгоюм
Гүлдөй болуп соолбоюн
Ысыгыңа жылытчы
Суугуңа тоңбоюн

Сенсиң менин торгоюм
Күндөп-түндөп ойлоюн
Ишенип кой сөзүмө
Калпы болсо оңбоюн
Менин ырчы торгоюм
Жолугууну болжоюн
Алтынчы күн - кадыр түн
Карап күтөм жол боюн

Сен торгоюм - сүйгөнүм
Арнап өмүр гүлдөрүн
Бир басалы гүл бакта
Тыңшап торгой үндөрүн
Ырахат го жаш кезде
Күлүп-ойноп жүргөнүң
Саймалайлы жылдыздай
Жашообуздун түндөрүн

Жалын болуп жаркылда
Чагылгандай чартылда
Көл үстүндө ойногон
Ак булуттай калкылда
Канат күүлө күү чалып
Ойноп-күлүп жаркылда
Кадырлашып өтөлү
Көңүлгө кир калтырба

Көңүл куруп күү чалып
Күлүп-бийлеп үн салып
Менин сүйгөнүм торгоюм
Эмгек жолун бир чалып
Айыл ичин гүлдөтүп
Обон созуп ырдашып
Жаркылдаган жаштык кез
Кете электе кырды ашып

Өмүр суусун кечели
Жабык сырды чечели
Ак таң болуп нурданып
Аппак гүлдү терели
Ак нан болсо ыр болот
Сүйүп дайым жешели
Ден соолукта каткырып
Соо жүрөлү дешели
Комментарии (0)
Добавить
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив