Билем жаным сен кайрадан келесиң
Бирок жаным анда баары кеч болот
Гүлдөр соолуйт биздин жолду көрктөгөн
Биз таптаган чыйыр жол да жок болот
Ооба билем кеч түшүнүп баарына
Келгениңде мен жолуңда жок болом
Желбиреттиң жете албадың баркыма
Жакшы ыр элем жалгыз элем мен сага
Өтөт кетет өчөт жарык сен гана
Өзгөлөрдөн өзгөчө элем не санаа
Өрттөп турат өзөгүңдү бир кезде
Жарык элем жамгыр элем мен сага
Сен келесиң сен кайрадан келесиң
Кеткеним чын эми сага кайрылбайм
Түңүлөсүң түпкүрүндө санаанын
Түштөрүңө жаап өтөм жамгырдай