Али Вали - Конокпуз
Ali Vali - Konokpuz
Күндөр өтөт өйдө ылдый жалган жашоо өмүрдө
Сынооо үчүн келиптирбиз убактылуу өмүргө
Кадырлайлы замандашым бир келүүчү өмүрдө
Жашап өтсөк бул жалганда кир калтырбай көңүлгө
Бүгүн барбыз бул жашоодо убактылуу конокпуз
Эртен эле урпактарга айтылуучу жомокпуз
Сыноо берип сынап жатты турмуш бизди камчылап
Билинбестен өмүр чиркин
суу сыяктуу агылат
Кагылдымго согулдумго
бул турмушта канча ирет
Үмүт үзбөйм ийгиликтер бизге дагын ийилет
Сабыр түбү сары алтын
деген сөз бар элимде
Дагы канча сыноолор бар айтчы досум ким билет
Ата апа суранаамын
оз уулунду кечиргин
Мени ойлоп күнү түнү
ойго баттың эзилдиң
Жаштык кылдым
мастык кылдым
түшүнбөдүм турмушту
Билип билбей канчалаган каталарды кетирдим