Чаккон » Кыргызские новинки » Сагынбек Момбеков - Сат, сат
Сагынбек Момбеков - Сат, сат
Слушать
Скачать

Сагынбек Момбеков
Сат, сат

!
  • Время размещено на сайте: 4-10-2020, 22:48
  • Качество песни: 128 kbps
  • Размер песни: 2,42 MB
  • Длительность песни: 2:38
  • Сколько скачать? 89
На странице сайта Chaqqon.Net вы можете послушать песню известного исполнителя Сагынбек Момбеков "Сат, сат" в режиме онлайн со своего телефона, ноутбука или компьютера в высоком качестве 128 kbp/s.

Текст песни
Сат сат сат сат сат
Тоонун аккан суусун сат көлдүн аппак куусун сат
Пейлиңди сат дитиң сат сарыкка деп битиң сат
Төлдөттүрүп төркү үйгө тай-торпоктой итиң сат
Чөнтөк түбү жукарса сууруп алтын тишиң сат
Ак тамыңдын теңин сат костюмуңдун женин сат
Пайдасы жок а жетсе эй келиндер койнуңдагы эриң сат
Сат сат сат сат сат
Долларга көз кычышса алтын казкан кениң сат
Ысык-Көлдөй жериң сат
Оптом десе чет элдик көлгө кошуп элин сат
Койду жаяр жериңн сат жылкы жаяр керүүң сат
Айраныңн сат сүтүн сат байыймын деп бүтүн сат
Тукум болор малыңдын сен бирин сатпай үчүн сат
Жагып калса бирөөгө ай жакшы көргөн түшүн сат
Топчулар да пул болот ага кошуп бүчүң сат
Сат сат сат сат сат

Сат жана сат сата бер бир кызыкка бата бер
Өндүрүшүң жок болсо кырдын артын аша бер
Кыбыр эткен дүйнөңдү сен Кытай жакка чача бер
Ырыскысын урпактын чекесинен каза бер
Кытай бомба жардырса сен жамбаштап жата бер
Бул турмуштун азабы кетирди го мазаны
Бизнес деген неменин борк-борк этип казаны
Жылкы этине барабар казактардын сазаны
Анан дагы Бишкектин кытайский тооктун жумурткасын ашады
Кытай тоогуң эмине күмүш тууп жатабы
Кудай уруп кыргыз тоок же кызыр калып жатабы
Короздорго жаңы жур береличи батаны


Илбирсиңдин терисин ителгиңе кошуп сат
Иниң сенден тың чыкса сен атаңдан озуп сат
Апан сага конкурент анын алдын тосуп сат
Эки көзүң чакчайтып эй эки колуң созуп сат
Сат сат сат сат сат
Картошкөң сат наның сат денеңдеги каның сат
Жанталашып жаның сат байыймын деп баарын сат
Аның сатпай мунуң сат латунаң сатметиң сат
Бир өпкөнгө бетиң сат коюң союп этин сат
Түндүгүң сат үйүн сат коломтодо күлүң сат
Баарын сатып бүткөн соң оо КЫРГЫЗЫМ
– Колтугуңдун жүнүн сат эй
Сат сат сат сат сат
Рекомендуем послушать
Комментарии (0)
Добавить
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив