Чаккон » Кыргызские новинки » Элмирбек Иманалиев - Булбулум
Элмирбек Иманалиев - Булбулум

Элмирбек Иманалиев
Булбулум

!
  • Время размещено на сайте: 6-06-2020, 11:25
  • Качество песни: 0 kbps
  • Размер песни: 7,79 KB
  • Длительность песни:
  • Сколько скачать? 154
На странице сайта Chaqqon.Net вы можете послушать песню известного исполнителя Элмирбек Иманалиев "Булбулум" в режиме онлайн со своего телефона, ноутбука или компьютера в высоком качестве 0 kbp/s.

Текст песни
Ар кечте ар таңда боздоп сайрап
Армандуу сезимди козгоп сайрап
Бир булбул буулугуп келет күндө
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап

Ал бакта адашып күүгүм калган
Ар шакта алмадай сүйүүм калган
Ал сүйүүм булбулга айланганбы
Ашыгын издеген үрүл таңдан

Булбулум булбулум ай
Буулуккан кургурум ай
Бул кечте үнүң баспай
Буулуктуң неге мынча ай
Булбулум булбулум ай

Жаңшайсың жаш булбул токтобогон
Жашоодо жан жок эй боздобогон
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү
Жаштыгым жаштыкка эй окшобогон

Сайрашың өткөндү эске салып
Санааркайм ал күндөр четте калып
Буулуккан булбулдай сени жоктойм
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып

Ар кечте ар таңда боздоп сайрап
Азгырып сезимди козгоп сайрап
Бир булбул буулугуп келет күндө
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап

Ал бакта адашып күүгүм калган
Ар шакта алмадай сүйүүм калган
Ал сүйүүм булбулга айланганбы
Ашыгын издеген үрүл таңдан
Комментарии (0)
Добавить
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив