Чаккон » Кыргызские новинки » Гүлнара Кахарова - Куту бол
Гүлнара Кахарова - Куту бол

Гүлнара Кахарова
Куту бол

!
  • Время размещено на сайте: 6-06-2020, 11:19
  • Качество песни: 0 kbps
  • Размер песни: 278,67 KB
  • Длительность песни:
  • Сколько скачать? 150
На странице сайта Chaqqon.Net вы можете послушать песню известного исполнителя Гүлнара Кахарова "Куту бол" в режиме онлайн со своего телефона, ноутбука или компьютера в высоком качестве 0 kbp/s.

Текст песни
Айылыңдын чебер узу бол кызым
Үйүңдүн ырыс куту бол кызым
Кайненең менен кайнатаң үчүн
Келини эмес кызы бол кызым

Көшөгөң көгөрсүн кут түшсүн түнөгүңө
Кубатым эстүү бол нур жаасын жүрөгүңө
Жан биргем ырыстуу ыймандуу бүлө болуп
Балдарга апа бол бакыт бол түгөйүңө

Балдарды суук көздөрдөн өзүң сакта
Теңирим жаман сөздөрдөн өзүң сакта
Экөөнүн бийик сүйүүдөн арзып курган
Уясын урап-чөккөндөн өзүң сакта

Жарыңдын асыл жары бол кызым
Үйүңдүн жарык шамы бол кызым
Кайын журт сүйгөн кадырлап күйгөн
Жашоонун аппак таңы бол кызым

Комментарии (0)
Добавить
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив