Чаккон » Кыргызские новинки » Гүлнара Кахарова - Балама
Гүлнара Кахарова - Балама

Гүлнара Кахарова
Балама

!
  • Время размещено на сайте: 6-06-2020, 11:13
  • Качество песни: 0 kbps
  • Размер песни: 7,87 KB
  • Длительность песни:
  • Сколько скачать? 296
На странице сайта Chaqqon.Net вы можете послушать песню известного исполнителя Гүлнара Кахарова "Балама" в режиме онлайн со своего телефона, ноутбука или компьютера в высоком качестве 0 kbp/s.

Текст песни
Баланы кимдер сүйбөгөн
Бапестеп багып күйбөгөн
Баласы үчүн жок чыгар
Башына азап үйбөгөн

Тумоолоп калса баласы
Түгөнөт экен аргасы
Берүүгө даяр жанын да
Болсо эгер анын айласы

Кызыгы болбос дүйнөнүн
Кыйналып бала бакпасаң
Унутат кыйын күндөрүн
Эмгегин уулу актаса

Элжиреп ойлоп күнү-түн
Эртеңден үзбөй үмүтүн
Ээси болуп жашоонун
Эне-ата жашайт бала үчүн

Балдарым - менин кымбатым
Балдарым - менин сырдашым
Жаралбай калганда алар
Жашамак беле кур башым

Бала деп согот жүрөгүм
Бала үчүн жашап жүрөмүн
Бел байлап мындан ары да
Бала үчүн өмүр сүрөмүн

Бассам да турсам тилегим
Балдарга өмүр тилеймин
Баарынан күчтүү сезим бул
Бала сүйүү деп билемин
Комментарии (0)
Добавить
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив