Чаккон » Кыргызские новинки » Аскат Мусабеков - Бакыт дайрасы
Аскат Мусабеков - Бакыт дайрасы
Слушать
Скачать

Аскат Мусабеков
Бакыт дайрасы

!
  • Время размещено на сайте: 6-06-2020, 10:05
  • Качество песни: 128 kbps
  • Размер песни: 3,91 MB
  • Длительность песни: 4:16
  • Сколько скачать? 118
На странице сайта Chaqqon.Net вы можете послушать песню известного исполнителя Аскат Мусабеков "Бакыт дайрасы" в режиме онлайн со своего телефона, ноутбука или компьютера в высоком качестве 128 kbp/s, а также посмотреть снятый на нее клип.

Текст песни
Нарыным
Күн-түнү күрпүлдөп толкуп-ташкан
Агымың
Күмүш жал күлүктөй күүлөп аккан
Ат арытып
Алтайдан эр Манас ата-бабам
Ыйык тутуп
Мүрөктүн суусу деп сени тапкан

Шаң менен
Шарпылдап агасың капчыгайдан
Көрк талашып
Турасың нур чачып көктөгү айдан
Түбөлүк
Кыргыздын канындай жүрүп турган
Жарыгың өчпөс
Шам экен ыйыгым Нарын дайрам

Күүлөнүп
Күү чертип көбүрөт тунук шарың
Ыргалат
Булбулу сайраган кайың-талың
Пейили кенен
Ырыстуу эл менен өсүп жатат
Бала шаарым
Жээгиңде жаркырап көрктүү Нарын

Нарыным
Чөл талаа сен менен гүлгө айланат
Агымың
Нур чачат сен менен күнгө айланып
Сүйүүм күчөйт
Өзүңө күн сайын сугум артып
Ар бир ырым
Баратат сени менен күүгө айланып

Нарыным
Бак-таалай кут болуп ага берсин
Агымың
Күүлөнүп күч-кубат ала берсин
Укумдан-тукумга соолубас өмүр берип
Кылымдап агып
Кылымга от болуп жана берсин
Клип Аскат Мусабеков - Бакыт дайрасы
Комментарии (0)
Добавить
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив