Чаккон » Кыргызские новинки » Аскат Мусабеков - Күтүү
Аскат Мусабеков - Күтүү
Слушать
Скачать

Аскат Мусабеков
Күтүү

!
  • Время размещено на сайте: 6-06-2020, 10:01
  • Качество песни: 128 kbps
  • Размер песни: 3,12 MB
  • Длительность песни: 3:24
  • Сколько скачать? 1 153
На странице сайта Chaqqon.Net вы можете послушать песню известного исполнителя Аскат Мусабеков "Күтүү" в режиме онлайн со своего телефона, ноутбука или компьютера в высоком качестве 128 kbp/s.

Текст песни
Бийиктен түшкөн мөлтүр суу
Берметтей күнгө жалтырап
Сездирип салкын илебин
Аскага тийип жанчылат

Манаттай күйүп кыр жапкан
Жел өпсө тоонун гүлүнөн
Капчыгай өңдүү күүлдөп
Алдастайт менин дүнүйөм

Алыста жүргөн жан курбум
Жарыма окшоп өзүмдүн
Көзүмдөн учуп карааның
Өрүктөй болуп эзилдим


Көргөзбөй коюп таптакыр
Жетүүгө мага туш кылбай
Көкүрөк санаа көңүлдөр
Камоодо калган туткундай

Жарыгы болгон мезгилдин
Жарымы күн да жарымы ай
Тагдырдан күтсөм неликтен
Таптырбай кеттиң жаным ай

Кыйчалыш жолдун айынан
Калсам да мезгил өткөрүп
Өзүңө бирөө көз салса
Өрттөнүп кетем өрттөнүп

Шуулдап күмүш бариктер
Жел жүрсө муздак сыдырым
“Сагындым сизди агай”- деп
Жалооруп чыкты шыбырың

Көңүлгө түшүп көп санаа
Көзүмдүн жашын кулатып
Колдоруң булгап канаттай
Карааның турду узатып

Кең дүйнө болуп керемет
Кебимдин таппай кыябын
Калкылдап барам кайдадыр
Каркыра болуп кыялым

Калкылдап барам кайдадыр
Каркыра болуп кыялым 
Комментарии (0)
Добавить
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив