Өр таянсам гүлү көп да бел болосуң
Суусап кетсем көк кашкада булак болуп
Ысып кетсем ысып кетсем айдарымда жел болосуң
Түйшүк артсам жолопой да ала качып
Жумуш кылсам турасың да каралашып
Сен келесиң жаныма да күн нуруна
Аппактыгың аппактыгың карларга да аралашып
Китеп ачсам карайсың да тамга болуп
Бакка кирсем карайсың да алма болуп
Комуз алсам күү болуп да көпкө койбо
Булбул болуп булбул болуп сайрайсың да талга конуп
Тереземден киресиң да аба болуп
Дартты айдайсың денемден да даба болуп
Канат болуп күүлөйсүң да үмүтүмдү
Сагынтасың сагынтасың чеги жок да санаа болуп
Сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң
Дайын жоктон жаралып да бар болосуң
Баары болуп жүрөсүң го бирок айтсаң
Качан мага качан мага өмүрлүккө жар болосуң