Кашы да көзү ойнок
Мурду кырдач оозу оймок
Бир кыз бар мага коӊшу
Э коём аны кээде ойноп
Мен эгер ага коӊшу болбосом
Чырайына кимдер тоймок
Эгер менин ордумда башкалар болсо
Кудалап эчак коймок
Керилет да ай ай ай зеригет да
Ханышадай ойлор жеткис
Сезилет да ай ай ай
Эрини эрди алча
Кызыл көйнөк кызыл парча
Көз салып бирок жетпей
Э тамшанып жүрөт канча
Ал түндөсү көпкө уктабайт да
А бирок турат эрте
Ал ыйманду ал жакшы окуйт
Жакшы кыз го бирок эрке
Керилет да зеригет да
Ханышадай ойлор жеткис
Сезилет да ай ай ай
Мен эгер ага коӊшу болбосом
Чырайына кимдер тоймок
Эгер менин ордумда башкалар болсо
Кудалап эчак коймок
Керилет да зеригет да ай ай ай
Ханышадай ойлор жеткис
Сезилет да ай ай ай